Биз жөнүндө
Менин атым Альбина. Алты жыл мурун мен да көп апалардай эле үй жумуштарына чөгүп жүргөм: тамак бышыруу, тазалоо, кир жуу — өзүмө бир мүнөт да калчу эмес. Ошондо чындап жардам берген техниканы издеп, тапкандарымды Instagram'да бөлүшө баштадым.
Бүгүн бизде Кыргызстандын бардык аймактарында 600дөн ашык ыраазы кардар бар. Ар бир моделди адегенде өзүм колдонуп көрөм, анан гана сизге сунуштайм — жакшы жана жаман жактарын да ачык айтам.
Биздин оюбуз жөнөкөй: убактыңызды үнөмдөгөн техника. Ал сааттар сизге, үй-бүлөңүзгө жана чындап маанилүү нерселерге буйрусун.
Эмне үчүн бизге ишенишет
- 6 жыл тажрыйба
- 600+ кардар
- Кыргызстан боюнча жеткирүү